КӨЗҮ АЧЫК ӨТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Эч жакшылык же жыргалчылык көрбөй, тилеген тилегине, максатына жетпей жүрүп каза болуу. Көрүнгөн байга кул болуп, көзү ачык өтүп кетемби (Осмонкул). Ал кыйын күндөрдү көрүп, бу дүйнөдөн тек гана көзү ачык бойдон өткөн экен (Жигитов). Дөшүң калды темирден, Көзү ачык өттүң өмүрдөн (Тоголок Молдо). 2. Өтө жаш кезинде, жаштайынан кайтыш болуу, өлүү. Олда, көзү ачык өткөн карыптарым ай! (Сыдыкбеков). О, көзү ачык өткөн чымчыктарым... Татынакай периштелерим (Сыдыкбеков). Олда кагылайын, Алтынай ай, тал чыбыктай буралып турган кезинде көзү ачык өттү (Жантөшев). В.: Көзү ачык кетүү. Тиричиликтин айласынан жер кезип жүрүп, ошол бойдон көзү ачык кеткен эмес, ал жарыктык (Үмөталиев). Кантип эле көз ачык бойдон кетейин (Сыдыкбеков) Ошентип, эти кабылдап, кайран сулуу көзү ачык кетти (Баялинов). Көзү ачылбай кетүү. Атадан калган белек көзү ачылбай кетпеди беле? (Сыдыкбеков).